Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 03.10.2018 12:23 На русском

Москвада Кыргызстандын 2 жараны көз жумду

Turmush -  Россиянын Москва шаарында көз жумган кыргызстандык 2 адамдын денеси айылына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз биримдиги коомунун өкүлү Улан Кошматов бүгүн, 3-октябрда билдирди.

Москвада кыргызстандык 2 жарандын денесин узатышты

Маалым болгондой, маркумдардын бири 30-сентябрда, экинчиси 1-октябрда кайтыш болгон. Маркум — 1963-жылы туулган Ш.К. Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Москва шаарына эмгектенгени барган. Ал 1-октябрь күнү жашап жаткан үйүндө жуунуп чыккандан кийин жүрөгү токтоп каза болгон.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1977-жылы туулган тургуну Н.Д. Москва шаарында эмгектенип жүргөндө башы ооруп жатканын айтып, 30-сентябрь күнү ооруканада көз жумган.

«Маркумдардын сөөгүн 2-октябрь күнү жакындары, "Аксы" коомунун төрагасы Бахтияр Өмүрзаков, "Кыргыз биримдиги" коомунун өкүлдөрү болуп Москва—Ош каттамы боюнча туулган жерине жөнөттүк. Кайтыш болгон маркумдардын жакындарына Москвадагы кыргыз коомчулугунун атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деди У.Кошматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×