Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 03.10.2018 13:45

Чемпиондор лигасы: Кыргызстандык футболчу ЦСКА менен «Реал Мадридди» жеңип алды

Turmush -  Россиялык ЦСКА футбол клубу 2018-2019-жылдардагы сезондун алкагында өтүп жаткан Чемпиондор лигасында биринчи жеңишине жетишти.

ЦСКА Москвадагы «Лужники» аянтында турнирдин азыркы чемпиону «Реал Мадридди» кабыл алды. Оюндун 65 секундунда испаниялыктардын футболчусу Тони Кроос артка пас берди. Бирок топко ЦСКАнын оюнучусу Никола Власич ээ боло калып, гол жаратты. Оюн 1:0 эсебинде ЦСКАнын пайдасына аяктады. ЦСКАнын катарындагы кыргызстандык футболчу Ильзат Ахметов оюн талаасына алгачкы мүнөттө эле чыгып, мелдеш бүткөнчө ойноду.

ЦСКА 2 турдан кийин 4 упай топтоп, тайпасындагы алдыңкы орунга чыкты. Алар эми 24-октябрда италиялык «Ромага» каршы ойнойт.

Ильзат Ахметов - Реал1

Ильзат Ахметов - Реал15

Ильзат Ахметов - Реал5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×