Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 04.10.2018 01:50

Казакстанда 70 жаштагы апанын абышкасы анын сакалы менен сыймыктанат

Turmush -  Казакстандагы 70 жаштагы чоң апа 35 жылдан бери сакал өстүрүп келет. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Казакстандын түштүк аймагында жайгашкан Түркестан облусунун Казыгурт районуна караштуу Турбат айылында жашаган Мухтабар Тораеванын сакалына кошуналары көп маани бербей калышкан.

70 жаштагы чоң апанын айтымында, сакалы 34-35 жашынан тартып өсө баштаса, кийинчерээк мурут пайда болгон. Тораева мындай көрүнүшкө өтө деле таң калган эмес. Себеби, мурут жана сакал апасына, таенесине жана өзүнүн бир тууган эжесине да чыккан.

Тораева сакал-муруту пайда болгонго чейин турмушка чыгып, бир кыздуу жана бир уулду болгон. Аны күйөөсү мындай жүзүнө карабай дайыма колдоп турган.

«Жолдошум мени менен сыймыктанат. "Мындай аял эч кимде жок" деп айтат. Ал мага сакал пайда болгондо мени аябай таң калып деле караган жок. Тескерисинче бул Аллахтан берилген белек деп айтып келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×