Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 05.10.2018 11:23

UFC: Хабиб Нурмагомедов кечиккен атаандашын күтпөй, маалымат жыйындан кетип калды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрга караган түнү Американын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында UFC 229 турнириндеги негизги беттештин катышуучулары Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун маалымат жыйыны уюштурулду. Бул жыйынга россиялык Хабиб Нурмагомедов өз убагында келсе, ирландиялык атаандашы 27 мүнөткө кечиккен.

Жыйын экинчи тарапты күтпөстөн башталып, Хабиб Нурмагомедов журналисттер менен күйрмандардын суроолоруна жооп берди. Пунктуалдуу экенин белгилеп. атаандашын 15 мүнөт күткөндөн кийин Х.Нурмагомедов жыйын өтүүчү залдан чыгып кетти. Андан 12 мүнөт өткөндөн кийин жыйын залына кирген Конор Макгрегор суроолорго жооп берүү менен маалымат жыйынды улантты.

Аталган турнир Лас-Вегас шаарында 7-октябрда өтөт.

UFC уюмунун жеңил салмактагылар арасындагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун алгачкы маалымат жыйыны менен бетме-бет кездешүүсү 20-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында уюштурулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×