Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 05.10.2018 12:42 На русском

Москвада 28 жаштагы кыргызстандык жигит каза болду

Turmush -  Россиянын Москва шаарында көз жумган 28 жаштагы Уларбек Аширбековдун денеси Кыргызстанга жөнөтүлдү. Москвадагы «Кыргыз биримдиги» коомунун өкүлү Улан Кошматовдун маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран 2-октябрь күнү ооруканада каза болгон.

Маркум — Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 1989-жылы туулган тургуну Уларбек Аширбеков Москва шаарына эмгектенип, үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында аттанган болчу. Анын денеси бүгүн, 4-октябрда Москва — Ош каттамы менен узатылды.

-----------------------------------------------------------

Буга чейин 2-октябрь күнү Россиянын Москва шаарында көз жумган кыргызстандык 2 адамдын денеси айылына жөнөтүлгөн. Маркумдардын бири 30-сентябрда, экинчиси 1-октябрда кайтыш болгон. Маркум — 1963-жылы туулган Ш.К. Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Москва шаарына эмгектенгени барган. Ал 1-октябрь күнү жашап жаткан үйүндө жуунуп чыккандан кийин жүрөгү токтоп каза болгон.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1977-жылы туулган тургуну Н.Д. Москва шаарында эмгектенип жүргөндө башы ооруп жатканын айтып, 30-сентябрь күнү ооруканада көз жумган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×