Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 05.10.2018 15:19 На русском

Екатеринбургда кыргызстандык жаранга кол салып, миллиондогон акчасын тоноп кетишти

Turmush -  Кечээ, 4-октябрда Екатеринбург шаарында белгисиз адамдар кыргызстандык адамды тоноп, бир нече миллион рублин алып кетишти. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя саат 17:30 чамасында банктын жанында болгон. Банкка кирип бара жаткан 1992-жылы туулган адамды беткапчан 3 адам травматикалык тапанча менен бир нече жолу атышкан. Андан кийин анын бир нече миллион рубль акчасын алып, жеңил унаа менен из жашырып кетишкен. Жабырлануучуну ооруканага жаткаруунун зарылдыгы жок экендиги жана анын расмий түрдө эч жерде иштебегендиги такталды. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден далил катары видеокамерага тартылып калган тасманы, бир нече гильзаны алышты.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×