Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 08.10.2018 08:45 Жаңыланды: 08.10.2018 09:25

UFC 229: Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешиндеги кызыктар (видео)

Turmush -  Абсолюттук күрөш чемпионатынын көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кезектеги турнири (UFC 229) Американын Невада штатынын Лас-Вегас шаарында 7-октябрь күнү өттү. Анын алкагында 12 беттеш уюштурулуп, алардын ичинен жеңил салмак боюнча чемпион Хабиб Нурмагомедов менен мурунку чемпион Конор Макгрегордун ортосундагы беттеш маанилүү болуп, чуу менен коштолду.

Бул беттешти миллиондогон көрөрмандар, күйөрмандар күткөнү талашсыз. Ар кандай жоромолдор да айтылып келген эле.

Мелдешке чейин

Россиялык Хабиб Нурмагомедовдун салмагы 70,3 кг, колунун узундугу 177 см болсо, боюнун узундугу 177,8 см. Ал эми ирландиялык Макгрегордун салмагы 70,08 кг чыкса, колунун узундугу 188 см, боюнун узундугу 172 см. Экөө тең 30 жашта.

Беттешке чейин 2 жолу маалымат жыйын өткөрүлгөн.

UFC: Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор бетме-бет кездешти (видео)

UFC: Хабиб Нурмагомедов кечиккен атаандашын күтпөй, маалымат жыйындан кетип калды (видео)

Ал эми мелдеш 4 раундга созулуп, анын жүрүшүндө үстөмдүк кылып келген Х.Нурмагомедов 4-раундда муунтуу ыкмасы менен атаандашынан алдыга чыкты.

Мелдештен кийин

Атаандашын колунан бошоткондон кийин Хабиб дароо октагондон секирип түшүп, Макгрегордун командасынын мүчөсүнө кол салды. Кийинчерээк ал Дилан Дэвис экени маалым болду. Ага удаа Макгрегор менен Хабибдин аталаш тууганы Абубакир Нурмагомедов октагондон секирүүгө аракет кылышып, ошол учурда Конор Абубакарге сокку узатууга жетишкен. Мындан кийин Макгрегорго октагондун ичинде Нурмагомедовдун командасынан бир нече адам муштум узатты.

Залдагы жана октагондогу баш аламандык полиция кызматкерлери менен күзөтчүлөрдүн кийлигишүүсү менен токтотулуп, октагондон алгач Макгрегор өзүнүн командасынын коштоосунда чыгарылды. Мындан кийин залдагы Нурмагомедов октагонго кирип, андан ары командасынын коштоосу менен залдан чыгарылды. Экөө тең узатылгандан кийин мелдештин алып баруучусу Хабиб Нурмагомедов бул беттеште жеңүүчү болгонун расмий жарыялап, бирок чемпиондук кур тапшырылган жок.

Абсолюттук күрөш чемпионаты уюмунун башчысы Дейна Уайт комментарий берип жатып, эми Хабиб Нурмагомедовду чемпиондук титулдан ажыратпоого кепилдик берилбей турганын айтты. Анын айтымында, гонорар да бериле элек.

«Конордун командасынан бирөө Хабибди шылдыңдап баштап, Хабиб клеткадан секирип түшүп ага кол салууга аракет кылган. Ушул учурда Хабибдин кишилери октагонго секирип кирип, Конорго кол салды. Бул олуттуу маселе.

Хабибден чемпиондук курду алып коюшпайт деп 100% кепилдик бере албайм. Биз Невада комиссиясына карайбыз, алар катуу жазага тартат деп ишенем», - деди ал.

Анын айтымында, баш аламандыктарга катышкандарга чоң суммадагы айып салынышы мүмкүн болгондуктан азырынча гонорар которула элек. Анын маалыматы менен белгилүү болгондой, беттештен кийинки чырга байланыштуу топтолгон материалдар тиешелүү комиссияга жөнөтүлүп, анын чечими күтүлөт.

Буга чейин Нурмагомедов бул беттеш үчүн 2 млн доллар, ал эми Макгрегор 3 млн доллар ала турганы маалымдалган.

Хабиб Нурмагомедов/ Конор Макгрегор

Россиялык мушкер профессионалдык деңгээлде 26 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңүүчү болгон. Ал эми Конор Макгрегор 24 жолу беттешсе, 21 жолу жеңүүчү болуп, 3 ирет утулган. UFC алкагында эки мушкер тең 10 жолу беттешке чыккан. Нурмагомедов баарында жеңүүчү болсо, Макгрегор 9 жолу жеңип, 1 жолу утулган.

Хабиб Нурмагомедов мелдештен кийин: «Албетте атам мени мындайга үйрөткөн эмес, бирок бул ар-намыска байланыштуу болчу. Жеңиш биз тарапта, кур бизде», - деп жазды.

Ал маалымат жыйында кылган иши үчүн кечирим сурап, атасы да нааразы болгонун айтты.

Хабиб
Ал эми Конор Макгрегордун комментарийиндеги сөзүнө караганда жеңилгенин мойнуна алып, бирок чемпиондук курду кайтарып ала турганын белгилеген.

«Бул татаал оюн болчу, мен жеңилип калдым. Эч кандай өкүнүч жок. Мен өзүм менен сыймыктанам. Бул дагестандыктан виза менен курду тартып алышпайт деп ишенем жана ал курду мен алам. Мен жеңилгенде кайра дайыма жеңишке жетип келгем.

Бул муну менен бүтүп калат деп ойлобогула. Бул оюн башталышы гана», - деди Конор Макгрегор.

Конор Макгрегор

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×