Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 08.10.2018 19:48 Жаңыланды: 09.10.2018 09:23

Фоторепортаж — Андижанга сапар

Turmush -  Бир чөлкөмдө жашап, эзелтеден бир туугандай болуп калган кыргыз-өзбек элинин жүрүм-туруму, үрп-адаты да бири-бирине окшоп кетет. Жада калса элдин сүйлөө манерасы, добуштардын бир тондо чыгышы, сүйлөп жаткан убакта колдорун жаңсаганын да окшоштурушат.

Сиз дагы мүмкүн күнөстүү Өзбекстан менен таанышып чыгууну пландап жаткандырсыз. Анда Turmush басылмасынын кабарчысы Фергана өрөөнүнүн түштүк-батышында жайгашкан Андижан шаарындагы сапары тууралуу баяндап берет.

Картаны чоңойтуу үчүн сүрөттү басыңыз

Ош - Андижан

«Достор менен Андижан шаарына барууну көптөн бери самап жүрчүбүз. Тааныштардан, достордон Андижанга кантип барса болорун сурадык. Жалпылап айтканда аталган шаар тууралуу жетиштүү маалымат чогултуп, ишемби күнү досум экөөбүз жолго аттандык.

Алгач эле "Достук" чек арасынын кире беришинен акчабызды алмаштырдык. Буга чейин Андижанга баргандар "чек арадан шаарга чейин жол кире биздин акча менен 350 сом болот экен" деп айтышкандыктан көбүрөөк акча алмаштырып алууна чечтик. Мурун угуп жүргөнүбүздөй эле акча алмаштыруучу жайдан 5 миң сумдук, 1000 сумдук акчалардан бир таңым (1 пачка) карматышты. Ал акчаны араң эсептеп бүтүп, катарга тизилген элдин артында кезек күтүп отурдук.

Болжол менен 15 мүнөттөй убакыт өтүп, бир топ адамдар менен паспортторго мөөр басуучу бөлүмгө кирдик. Андан мөөр бастырып алып, өзбек тараптын мөөр басуучу бөлүмүнө кирип, андан да тез эле чыктык. Бирок Өзбекстанга өткөндөн кийин саатты карасак, 1 сааттай убакытта чек арадан өткөнүбүз маалым болду. Катар-катар тизилип турган унаалар тарапка жакындаганда айдоочулар өздөрүнүн баасын сунуштап жатышты. Ал эми биз шаарга чейин жеткире турган коомдук автобуска түшүүнү эп көрдүк.

Ушул жерден бир нерсени белгилеп коюу керек. Андижанда каттап жаткан унаалардын дээрлиги өздөрүнөн чыгарына күбө болдук. Андижан шаарында эки күн жүрүп, бир дагы чет элдин унаасын көрбөдүк. Биз чек арадан түшкөн автобус да Өзбекстанда чыгарылганы даана эле байкалып турду.

Ошентип автобус менен шаарга карай жол тарттык. 3 миң сумду сомго айландырганда 30-40 сом болот экен. Ушул баага кайыл болгон жаныбыз автобуста орун жоктугунан туруп алып кетүүгө мажбур болдук. Жол бою жүгөрү, пахта, күн карама өскөн талааларга көз чаптырып кеттик. Жол жээгинде жашыл майдан, андан кийин тротуар, андан кийин жүгөрү же пахта талаасы жайгашканын көрдүк. Айтмакчы, жолдун тегиздигин автобуста кагылып-силкинбей кеткенибизден эле билдик.

1 сааттан ашыгыраак убакыттан кийин Андижан шаарына кирип бардык. Мына ошол жерден тартып, Андижан шаары менен Ош шаарын салыштыруу башталды. Түштөнүү убактысы болуп калгандыктан, автобустан түшкөндө алыс эмес жерден түштөнүп алууну чечип, жолдо биринчи жолуккан кафеге кирдик. Тамактардын баасы Ош шаарындагы баага караганда бир аз арзаныраак экен. Андан ары көчө бойлой саякатыбыз башталды. Тротуар абдан таза, унаа жүрчү жолго чейинки жашыл майданга түрдүү гүлдөр өстүрүлүптүр. Гүлдөрү да башкача түрдө. Чөптөрү тегиз кыркылып, арчалардын да башкача түрлөрү эгилген. Ар көчөдө арчалардын ар башка түрлөрү өсүп турат. Ал эми Ош шаарында арчалардын бир гана түрү отургузулганы эске түштү.

Бизде кийип жүргөн бут кийим он мүнөткө жетип-жетпей чаң болот эмеспи. Ал эми Андижанда 1 күн кечке бут кийим чаң болбой жүрдү. Жолдоруна токтоло турган болсок, абдан кенен, жөө адамдар өтүүчү бөлүгү сары, кызыл, ар түрдүү боёктор менен боёлгон. Кызыктуусу, жолдо телефонун тиктеп бара жаткан окуучуну, же улан-кыздарды көргөн жокпуз. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 1 гигабайт интернет 9 долларга бааланат.

Ошондой эле парктары да бир типте кооздолуп, отургучтары тыкан жана таза бойдон турат. Парктардын саны көп болгондуктан эс алуучулар да кенен жүрөт экен. Жергиликтүүлөрдин адеби, чет элдиктерге болгон урмат-сыйы да абдан таң калтырды. Кандай суроо болсо да ийкемдүүлүк менен жооп берип, жол көрсөтүп жатышты. Айтмакчы, парктардагы отургучтар чаң баспай, таза эле турат. Анткени эч ким отургучтарга бутун коюп отурбайт экен.

Парктан чыгып, жол бойлой басып, жер алдынан өтүүчү өтмөктөр аркылуу жолдун экинчи тарабына багыт алдык. Шаарда жолдор, көчөлөр, тротуарлар жана башкасы бүт план менен курулгандыгы көрүнүп турат. Имараттар да жолдон алыс курулган. Оштогудай баш аламан курулган кафелерди, кулап калайын деп араң турган имараттарды, сапаты жаман көп кабаттуу үйлөрдү кезиктирген жокпуз.

Андижандагы унаа жолдор кенен курулуп, бир жагында 3 унаа, экинчи жагында 3 унаа жүргөнгө ыңгайлашкан. Унаа жолдон кийин түрдүү гүлдөр, дарактар отургузуп, андан 5 метрдей алыста тротуарлар бар. Андан кийин дагы орун калтырылып, катар-катар имараттар, же мечит, кафелер, мамлекеттик мекемелер, кафе, дарыканалар жайгашкан. Имараттардын көрүнүшү да Оштогу имараттарга такыр окшошпойт. Алардын сырты өзгөчө орнаменттер менен кооздолуп, Оштун бир да жеринде кезикпеген сары, кочкул кызылга боёлгон имараттар катар тизилип турат. Болгону имараттар 5 кабаттан бийик эмес. Анткени Андижан жайгашкан аймактын сейсмологиялык абалы 5 кабаттан бийик имарат курууга жол бербейт. Мыйзамдын сакталарын мына ушул жерден эле билүүгө болот.

Кыскасы Андижан шаарынан уурдалган тротуарларды, чаң болгон көчөлөрдү, жамалган жолдорду көргөнүбүз жок. Шаарда калк соода кыла турган жери өзүнчө жайгашып, үстү иреттүү жабылып, азык-түлүктөр тизмесине карап бөлүнгөн. Эт азыктар өзүнчө, жер-жемиш, мөмө-жемиш дегендер өзүнчө жайгашкан. Биз көргөн ушундай шарттары бар базар «Дехкон» базары деп аталат. Анда жер жаңгак, жүзүм жана башка жемиштер бизге карганда алда канча арзан баада сатылат экен. Ал эми сатуучулар: "Келиңиз, мындан ооз тийип көрүңүз, сизге жакса капчыгыңызга ыңгайлуу баада сатабыз" деп турушат.

Жалпылап айтканда сатуучулар ээнбаштык кылып, жол боюна чыгып соода кылышпайт. Андайларды деле кезиктирүүгө болот, бирок өтө сейрек. Базар кенен, ага бир унаа эмес, эки унаа да кеңири кирип-чыгат. Биздегидей өрт өчүрүүчү унаа кире албайт, тыгын деген көйгөйлөр ал жакта жокко эсе десек жаңылышпайбыз.

Ал эми жолдун боюндагы мектептердин имараттарынын сырты бир түстө болсо, мечиттердин имараттары чоң, бирок аз санда. Ал эми чоң эски мечиттерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, сыртына өзгөчө орнаменттерди түшүрүшкөн.

Шаардык музейде сүрөтчүлөрдүн эмгектери, байыркы доорго жана азыркы доорго таандык буюмдар, кумура идиштер, таштан жасалган эстеликтер, Кокон хандыгы убагындагы Андижан көтөрүлүшү чагылдырылган сүрөттөр, жаа жебелери менен байыркы жоокерлердин куралдары, кылычтар турат. Музейге кирүү акысы чет өлкөлүктөр үчүн 5 миң сум.

Ал эми көчөлөрдө туш келди жерде кафелер жок. Ал эми дарыканаларды Оштогудай эле жолду катар кезиктирүүгө болот.

Андижанга болгон эки күндүк сапарыбыздан кыскача таасирлер ушундай. Баш аламан, мыйзамсыз курулган Оштогу имараттар бийик болсо да Андижандагы 5 кабаттуу имараттарга көрүнүшү жагынан, архитектуралык жагынан ат салыша албайт деген ойдо калдым.

Конокто болгон жакшы, бирок өзүңдүн үйүңө кайтуу чоң бакыт деп кайталап, чексиз сүйгөн Ош шаарыбызга кайтып келдик».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×