Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 12.10.2018 12:05

Кыргыз-афган өкмөт башчылары жолугуп, Памирдеги кыргыздардын абалы да талкууланды

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Афганистан Ислам Республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен биргеликте эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Жолугушуу Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) 12-октябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын алкагында өттү, деп билдирди өкмөттүн бсма сөз кызматы.
Кыргызстан-Афганистан
«Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү колдойбуз, себеби мындай потенциал бар. Кыргыз Республикасы кыргыз-афган өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү чечимин жактырды жана жакын арада аталган комиссиянын жыйынын өткөрүү максатында аны түзүү келишимине кол коюуга даяр», - деди премьер-министр.

Афганистан Ислам Республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла ар кыл тармактагы кыргыз-афган кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

«Мен алдыда өтчү кеңешме алкагындагы жолугушуубузга кубанычтамын, ал актуалдуу эл аралык жана аймактык, ошондой эле эки тараптуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. Биз өлкөлөр ортосундагы мамилелер ырааттуу өнүгүүсү үчүн чыгабыз», - деди ал.

Ошондой эле тараптар Чоң жана Кичи Памирде жашап жаткан этностук кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын талкуулашты.

Кыргызстан-Афганистан

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×