Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 13.10.2018 10:14 На русском

Санкт-Петербургда кыргызстандык кыз үчүн массалык мушташ чыгып, дагестандык жигит каза тапты

Turmush -  11-октябрда Санкт-Петербургда кыргызстандык кыздын айынан тажикстандык жана дагестандык жигиттер мушташып, дагестандык 21 жаштагы жигит каза болуп, 45 жаштагы жердеши жаракат алды. Бул тууралуу тажикстандык Ахбор сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, полиция мушташка катышкан 4 адамды кармады. Массалык мушташка тажик жигити менен кыргызстандык кыздын мамилеси себеп болгон. Кыз тажик жигити менен болгон мамилесин токтоткусу келген. Бирок ал көнбөй койгон. Жыйынтыгында кыз өзүн тажаткан жигит менен сүйлөшүп коюшу үчүн дагестандык тааныштарынан жардам сурап кайрылган.
«Оперативное прикрытие» агенттигинин маалыматына караганда, мушташ саат 20:00 чамасында Восстания көчөсүндө болгон. Ага жалпысынан 10го жакын адам катышкан. Мушташтын кесепетинен дагестандык 21 жаштагы жигит бычактан алган жаракатынан улам каза болуп, анын 45 жаштагы жердеши жаракат алган.

«Фонтанка» басылмасынын маалыматына караганда, жаракатты 18 жаштагы жигит алган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди.

Учурда бул кымышка шектелген 4 адам кармалып, кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×