Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 15.10.2018 14:42

Улуу Британиянын депутаттары «Айтматовду окуу» иш-чарасына катышты (видео)

Turmush -  Улуу Британияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата «Айтматовду окуу» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган иш-чарага Улуу Британиянын парламентинин депутаттары Боб Стюарт мырза менен баронесса Вивиен Стерн катышты.

«Улуу Британиянын парламентинин жамааттар палатасынын мүчөсү, Бүткүл партиялык парламенттик «Улуу Британия жана Кыргызстан» кызматташтык тобунун төрагасы Боб Стюарт Ч.Т.Айтматовдун белгилүү «Жамийла» повестинен үзүндү окуп берди. Ал эми Улуу Британиянын парламентинин лорддор палатасынын мүчөсү баронесса Вивиен Стерн улуу жазуучубуздун «Гүлсарат» чыгармасынан үзүндү окуп берди.

Ошону менен бирге Улуу Британиянын парламентинин мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө абдан жылуу ой-пикирлерин айтып беришти», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×