Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 15.10.2018 15:08

Кыргызстандык самбочу К.Мусакулов Грузиядагы дүйнөлүк чемпионатта коло тагынды

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Көлбай Мусакулов Грузияда өткөн жаштар арасындагы самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль утту. Чемпионат 12-14-октябрь күндөрү Тбилиси шаарында өттү.

К.Мусакулов 48 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, 3-орунду багындырды. Ал эми аталган салмак даража боюнча грузиялык Гиорги Мехришвили дүйнө чемпиону аталды. Армениялык Давит Ховсепян күмүш медаль алса, дагы бир коло медалды моңголиялык Йолка Кадербик жеңип алды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×