Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 15.10.2018 15:53

Кыргызстандан чыккан футболчу И.Ахметов Россиянын курамасында ойноп, гол киргизди (видео)

Turmush -  Москва шаарынын ЦСКА футболдук клубуна өткөн Ильзат Ахметов Россиянын жаштар командасынын курамында ойноп, гол киргизүүгө жетишти. Россия менен Македониянын жаштар командасынын мелдеши, тактап айтканда 2019-жылдагы Европа чемпионатынын тандоо раунду 12-октябрь күнү Тула шаарында өттү.

И.Ахметов талаага негизги курам менен чыгып, оюндун 14-мүнөтүндө эсепти ачты. Россиялык футболчу Зелимхан Бакаев сокку узатып, бирок дарбазачы топту кайра тебүүгө жетишип калды. Македониянын коргоочусу топту алууга аракет кылып, бирок И.Ахметов аны дарбазага жолдоду.

И.Ахметов муну менен Россиянын жаштар командасынын курамында экинчи ирет гол киргизди. Биринчи голду 2017-жылы Белоруссия менен болгон достук мелдеште киргизген болчу.

Оюндун жыйынтыгында Россиянын командасы Македонияны 5:1 эсебинде утуп, турнирдик таблицанын экинчи катарына жазылды. Ал эми жаштар арасындагы Европа чемпионатынын финалдык бөлүгү 2019-жылы жайында өтүп, ага 12 команда катышат.

Буга чейин Кыргызстанда төрөлгөн Ильзат Ахметов Москва шаарынын ЦСКА футболдук клубуна өткөнү маалым болгон. Оюнчу менен клубдун ортосунда 4 жылга келишим түзүлүп, И.Ахметов Россиянын жарандыгын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×