Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 17.10.2018 18:02 На русском

Москвада бычакталган 19 жаштагы жигиттин денеси Токтогулга жөнөтүлдү

Turmush -  Москва шаарында бычакталып каза болгон 19 жаштагы А.Жуманын денеси Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов кабарчыга билдирди.

Москва

Окуя 13-октябрга караган түнү саат 00:00 чамасында «Кузьминки» метросунда болуп, Токтогул районунун 19 жаштагы тургуну көз жумган. Жигиттердин ортосунда түшүнбөстүк чыгып, мушташ учурунда маркумду бычактап салышкан. Анын кесепетинен Ж.А оор жаракат алып, тез арада ооруканага жеткирилген. Бирок ал өзүнө келбей, 14-октябрда эртең мененки саат 07:30да каза болду.

Бычактоого шектелген жигит полиция тарабынан кармалып, кылмыш иш козголгон. Азыркы учурда мушташка катышкан балдарды, окуянын күбөлөрүн тергөө иштери жүрүп жатат.

«Сөөктү кетирүүгө уруксат кагаздарды топтоп, жансыз денени 16-октябрь күнү элдин жардамы менен айылына жөнөттүк. Сөөктү жөнөтүүгө жардам берген жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиребиз. Жардам катары чогулган акчадан 45 миң рубль ритуалдык кызматтарга, 31 миң рубль денени тез арада чыгарып бергени үчүн өлүк сактоочу жайга төлөндү.

Терең кайгыруу менен маркумдун жакындарына Москвадагы Кыргыз коомчулугунун атынан көңүл айтабыз», - деди Улан Кошматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×