Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 22.10.2018 12:03

Казакстанда 27 жаштагы журналисттин денеси табылды. Ал 2 баланын апасы болчу

Turmush -  Казакстанда журналист Айгерим Мусаеванын жансыз денеси табылды. Укук коргоо органдарынын расмий маалыматтары боюнча, тепловоз тебелеп кеткен жансыз дене Алмата шаарындагы темир жолдон 20-октябрга караган түнү саат 00:20 чамасында табылган.

Анын өздүгү аныкталгандан кийин жергиликтүү музыкалык каналдын продюсери жана журналист болуп эмгектенип жаткан Айгерим Мусаева экени белгилүү болгон. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдагандай, андан бир күн мурун маркумдун күйөөсү үй-бүлөлүк чырдан кийин жубайы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин укук коргоо органдарына билдирген.

Маркумдун артында 2 баласы калды. Учурда тиешелүү органдар тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×