Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 23.10.2018 09:17 На русском

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын 2 тилкесин макулдашты

Turmush -  15-21-октябрда Өзбекстандын Наманган шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча 2 тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлду.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери тарабынан 2018-жылга бекитилген жолугушуулардын графигине ылайык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу ноябрь айында Кыргызстанда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×