Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 25.10.2018 11:07 На русском

Москвадагы ооруканада оор абалда жаткан кыргызстандык кишинин иниси табылды (сүрөт)

Turmush -  Мындан 3 ай мурда Россиянын Москва шаарындагы ооруканага азият түспөлүндөгү эркек киши жеткирилип, бирок ооруканага ким алып келгени белгисиз бойдон калган. Бейтап алгач жандандыруу бөлүмүндө бир топ күн жатып, андан кийин бөлмөгө чыгарылган болчу. Азыркы учурда анын абалы оор.

Бул ооруканада техникалык кызматкер болуп эмгектенген кыргызстандык Зияда Абдирайимованын айтымында, оор абалдагы бейтап да кыргызстандык экенин, Талас облусунун тургуну деген маалымат уккан.

«Мен Москвага келгениме эки айдан ашты. Өздүгү такталбай жаткан бейтап ооруканага мен жумушка орношконго чейин эле түшүптүр. Ал өзүнө келгени менен жакшы сүйлөй албайт. “Апам бар” деп эле коёт. Аты-жөнүн да айта албай жатат. Башынын бир жагы чукур болуп оюлуп, бир көзү ошол жакка карап калган. Жандандыруу бөлүмүнөн чыккандан кийин башка улуттагы аял келип, кабар алып жүргөн. Бирок ал мас болуп келчү. Дарыгерлер кууп чыгырып салгандан кийин келбей калды.

Биз социалдык түйүндөгү баракчагабызга жарыялаганда "иниси болом" деп бир жигит байланышты. Өзүн Нурлан деп тааныштырып: “Бул киши менин байкем болот. Россияга кетип, 6 жылдан бери дайынсыз эле. Апам байкемди күтүп жүрүп, күйүтүнөн 2017-жылы каза болду. Азыр менде байкемди алып келгенге каражат жетишсиз, ушул маселе чечилсе алып кетем” деди», - деп кошумчалады Зияда Абдирайимова.

Ал эми иниси Нурлан Турубаев Turmush басылмасынын кабарчысына агасын көрүп келүүнү максат кылып жатканын билдирди.

«Ооба, бул менин бир тууган байкем. Аты-жөнү Талас Турубаев, 1983-жылы Талас облусунда туулган. Мындан 6 жыл мурда — 2012-жылы иштеп келем деп Россиянын Москва шаарына кеткен эле. Акыркы жылдары дайынсыз болуп кеткен. Социалдык түйүндөн сүрөтүн көрүп таанып калдым. Бул жакта үй-бүлөсү, бир уулу бар болчу. Келбей койгонунан жеңем үйдөн кетип калган. Азыр уулу 9 жашка чыкты. Апам байкемди күтүп жүрүп, күйүттөн каза болду. Азыр акча каражаты тартыш болуп жатат. Акча тапсам эле Москвага барып, агамды алып келем. Бирок 1-2 күндө Москвага барып, жок дегенде агамды көрүп келейин деп жатам», - деди иниси Н.Турубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×