Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 25.10.2018 15:24 На русском

Кыргыз-өзбек чек арасында 746 миң долларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасашкан

Turmush -  Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы ири суммадагы чет өлкөнүн акчасын Кыргызстанга ташууга аракет жасаган адамдарды кармады. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Наманган облусу боюнча кызматкерлери чек арачылар менен бирге 746 миң доллар мыйзамсыз ташылып жатканын аныкташкан.

Кечээ, 24-октябрь күнү Чуст районунун Гова айылында кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу чет өлкөлүк валюталарды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган Өзбекстандын эки жараны кармалды. Учурда бул факты боюнча тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×