Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 27.10.2018 11:57

Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү сахнада эс-учун жоготуп, кулап калды (видео)

Turmush -  «Miss Grand International» сынагынын жеңүүчүсү Клара Соса жеңүүчү аталганын уккандан кийин эс-учун жоготуп, кулап калды, деп жазат ABS-CBN News.

Интернетке жарыяланган видеодон сынактын эки катышуучусу сахнада жыйынтык күтүп, кол кармашып, карама-каршы турганын көрүүгө болот. Парагвайлык Клара Соса жеңүүчү болгонун уккандан кийин кулап калган. Бир нече убакыттан кийин жеңүүчү өзүнө келип, сыйлоо аземине катыша алды.

Жыл сайын өткөн «Miss Grand International» эл аралык сынагы быйыл Мьянмада өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×