Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 29.10.2018 12:12

Индонезияда 189 жүргүнчүсү бар учак деңизге кулады (видео, фото)

Turmush -  Индонезиянын «Lion Air» компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу «Boeing 737-800» үлгүсүндөгү учак Жакартадагы аэропорттон учкандан кийин кырсыкка учурады, деп жазат Reuters.

Маалыматка караганда, учак асманга көтөрүлгөндөн 13 мүнөт өткөн соң радардан жоголгон. Кийинчерээк учак Ява аралындагы деңизге кулагандыгы маалым болгон. Окуядан кийин издөө-куткаруу иштери башталды.

Jakarta Post маалымдагандай, учакта 189 адам болгон. Алардын үчөө балдар жана сегизи экипаж мүчөлөрү болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×