Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 30.10.2018 09:14 На русском

Фоторепортаж — Сооронбай Жээнбеков Стамбулда Түркиянын 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Стамбул шаарында Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Ал Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен учуп кеткени маалымдалган болчу.

Сооронбай Жээнбеков башка мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты, деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×