Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 30.10.2018 12:21

Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Р.Эрдоган менен жолугушту

Turmush -  Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуунун алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мамлекет башчылар 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык Жогорку кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарды камтыган эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×