Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 30.10.2018 13:09 На русском

Сооронбай Жээнбеков Молдованын президенти Игорь Додонду Кыргызстанга чакырды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жолдору, саясий диалогду өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер жана интеграциялык биримдиктин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Игорь Додон Сооронбай Жээнбековго Кыргызстанга визит менен келүү тууралуу чакыруусуна ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилени белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×