Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 31.10.2018 14:14 На русском

Ооганстанда тик учак кулап, аскерлер жана чиновниктер каза болду

Turmush -  Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында аскерлер жана депутаттар бара жаткан тик учак кыйроого учурады. Борттогу 25 адамдын баары көз жумганын Associated Press басылмасы жазып чыкты.

Жергиликтүү телеканалдын маалыматы боюнча, эки тик учак бирге учуп, алардын бири кыйраган. Тик учактагылардын арасында Фарах провинциясынын кеңешинин башчысы Фарид Бахтавар, провинциянын кеңешинин мүчөсү Жамила Амини жана аскер корпусунун башчысынын орун басары да болгон.

Фарах провинциясынын өкүлү Насер Мехринин айтымында, кулаган тик учак дагы бир аскердик тик учактын коштоосунда учуп бара жаткан. Аба ырайы туруксуз болгондуктан учкуч башкаруусун жоготкон. Ал эми Талибан ислам кыймылынын өкүлү тик учак атылып кулатылганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×