Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 01.11.2018 15:04

Сүрөт: Муздак сууда катары менен тизилип, чопо көтөргөн чиновниктер

Turmush -  Социалдык түйүндөрдө 27-октябрда 6 эркек киши арыктагы муздак сууда катары менен тизилип турган учурда тартылган сүрөт тараган. Алар Өзбекстандын Ташкент облусундагы Аккурган районунда экени маалым болду.

Ташкент

Ошол эле күнү 6 кишинин дагы бир сүрөтү — талаада топурак көтөрүп турган учурда тартылган сүрөт тараган, деп маалымдайт centralasain.org. басылмасы.


Ташкент
Окуяга күбө болгон Бекабад райондук администрациясындагы чиновниктин айтымында, Ташкент облусуна барган мурунку вице-премьер-министр Зойир Мирзаев эгин талаанын кургактыгын көрүп жинденген. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн урушуп, тилдеп, аларга талаадан кургак чополорду чогултуп, колдоруна көтөрүп туруу тапшырмасын берген.

Жазаланган чиновниктер:

- райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары Фарход Хотамов;

- райондук фермерлер кеңешинин төрагасы Улугбек Худойбердиев;

- айыл чарба башкармалыгынын башчысы Касым Базарбаев;

- жер кадастры бөлүмүнүн башчысы Абдулла Умаров;

- райондук суу чарба бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Бердикулов;

- облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Бахтияр Курбанов.

Алардын айрымдары кургак калган эгин талаа алардын жоопкерчилигине кирбей турганын, вице-премьер муну эске албаганын айтышкан. Ал эми чиновниктер колдорундагы чополорду министрдин орун басары сүрөткө тартып алгандан кийин гана жерге ташташкан.

Бекабад райондук жер кадастры бөлүмүнүн башчысы Абдулла Умаров бул окуядан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткени маалым болду. Ошондой эле бул чырдан кийин Зойир Мирзаев дагы вице-премьер-министр кызматынан бошотулушу мүмкүн экени айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×