Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 05.11.2018 17:00

Кыргызстандан чыккан футболчу: И.Ахметов эми Россиянын курамасынын жарым коргоочусу

Turmush -  Кыргызстанда төрөлүп, Россиянын жарандыгын алган Ильзат Ахметов биринчи жолу Россиянын футбол боюнча улуттук курамасына чакырылды. Кураманын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов Германия жана Швециянын командалары менен ойной турган оюнчулардын тизмесин жарыялады.

Алдыдагы оюндарга даярдануу үчүн 26 футболчу чакырылды. Алардын арасында Ильзат да бар. Германия менен Россиянын курамаларынын достук беттеши 15-ноябрь күнү Лейпциг шаарында өтөт. Ал эми швециялыктар менен 20-ноябрь күнү оюн талаасына чыгышат.

20 жаштагы Ильзат буга чейин Москва шаарынын ЦСКА футболдук клубуна өтүп, Россиянын жаштар командасынын курамында ойноп, гол киргизүүгө жетишкен. И.Ахметов талаага негизги курам менен чыгып, оюндун 14-мүнөтүндө эсепти ачкан болчу. Россиялык футболчу Зелимхан Бакаев сокку узатып, бирок дарбазачы топту кайра тебүүгө жетишип калган. Македониянын коргоочусу топту алууга аракет кылып, бирок И.Ахметов аны дарбазага жолдогон.

Эгер Ахмедов Швеция менен Германияга каршы ойносо, анда мындан кийин Кыргызстандын командасы менен ойной албайт.

Россиянын футбол боюнча командасынын курамы:

Дарбазачылар — Маринато Гилерме («Локомотив»), Андрей Лунев («Зенит»), Антон Шунин («Динамо»).

Коргоочулар — Георгий Жикия («Спартак»), Федор Кудряшов, Егор Сорокин («Рубин» клубунун оюнчулары), Роман Нойштедтер («Фенербахче»), Константин Рауш («Динамо»), Андрей Семенов («Ахмат»), Кирилл Набабкин, Марио Фернандес (экөө тең ЦСКА клубунун оюнчулары).

Жарым коргоочулар — Ильзат Ахметов (ЦСКА), Юрий Газинский («Краснодар»), Александр Головин («Монако»), Роман Зобнин («Спартак»), Александр Ерохин, Далер Кузяев («Зенит» клубунун оюнчулары), Алексей Ионов («Ростов»), Руслан Камболов («Рубин»), Алексей Миранчук, Антон Миранчук («Локомотив» клубунун оюнчулары), Денис Черышев («Валенсия»).

Чабуулчулар — Артем Дзюба, Антон Заболотный («Зенит» клубунун оюнчулары), Дмитрий Полоз («Рубин»), Федор Чалов (ЦСКА).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×