Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баракелде, Дүйнө 30.11.2018 17:25

Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМ башчылары жолугуп, эки өлкө баңгизатка каршы макулдашуу түздү (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев иш сапары менен 28-ноябрь күнү Тажикстан Республикасына барды. Аталган сапардын алкагында министр Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон менен жолугуп, эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташуусу тууралуу бир катар маселелерди талкуулашты, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.

Ошондой эле Душанбе шаарында К.Жунушалиев менен Тажикстандын Президентине караштуу баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору, юстициянын генерал-лейтенанты Шерхон Салимзода жолугушту. Жолугушуунун эң негизги максаты — макулдашууга кол коюу болгон.

«Аталган чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тапшырмасы менен биз Душанбе шаарына Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору менен баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюуга келгенбиз. Бул биз үчүн маанилүү мезгил. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМи баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча республиканын улуттук тескөөчү орган болуп саналгандыктан Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу бангизаттарды көзөмөлдөө агенттиги жана башка эл аралык уюмдар, башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдары менен баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу биз Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги менен кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөөгө кызыкдарбыз», - деди К.Жунушалиев.

Ошондой эле чогулгандарга: «Баңгизаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө багытталган баңги кылмыштуулугуна каршы аракеттенүү, аларга каршы тиешелүү чараларды көрүү боюнча бүгүн биз Кыргызстан менен Тажикстандын элинин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү ишти жакшыртуучу макулдашууга кол коёбуз жана ишке ашырабыз.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин тажрыйбасы мол экенин жана биздин өлкөлөрдүн Афганистан менен географиялык жактан жакындыгы бардыгын эске алуу менен баңгитрафик жолуна бөгөт коюуга, бирдиктүү ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө, маалымат, тажрыйба жана ченемдик-укуктук актылар менен бөлүшүүгө багытталган макулдашуу биздин кийинки кызматташуубуздун деңгээлин көтөрөт», - деп кошумчалады.

Жолугушуунун аягында тараптар баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын перекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Макулдашуунун негизги максаты — эки тараптуу кызматташуунун сапатын жогорулатуу, баңгиге байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүүдө биргелешкен иш аракеттерди тынымсыз жүргүзүү.

Министр К.Жунушалиев иш сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кинологиялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×