Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 07.12.2018 17:10 На русском

Сүрөт, видео — Чыңгыз Айтматовдун Москва шаарындагы эстелиги ачылды

Turmush -  Бүгүн, 7-декабрда Россиянын Москва шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды.

Аземге өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация — маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары күбө болушту. Ошондой эле аземге Москва шаарынын мэри Сергей Собянин, Россиянын маданият министри Владимир Мединский катышты.

Эстелик Данилов районундагы Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин кесилишинде, Чыңгыз Айтматов атындагы скверде жайгашкан.

Аземдин алкагында С.Жээнбеков: «Биз бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана элесине Кыргызстанда гана эмес, Россияда да чоң сый-урмат менен мамиле кылаарына дагы бир ирет ынанып отурабыз», - деп белгиледи.

Москва шаарындагы Ч.Айтматовдун эстелигинин автору — Азамат Абдрахманов, Россия тараптан архитектор — Сергей Павлов. Скульптура колодон куюлган. Анын бийиктиги постаментти эсептебегенде 2 м 70 см болот.

Эстеликти ачуу аземинде тартылган видеотасманы Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жарыялады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×