Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 09.12.2018 11:31

UFC: Валентина Шевченко менен Йоанна Еджейчиктин беттеши аяктады

Turmush -  Бүгүн, 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында Бириккен күрөш уюмунун кезектеги турнири (UFC-231) өтүп жатат. Андагы башкы беттеш аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн болду. Атаандаштар –кыргызстандык Валентина Шевченко жана жеңил салмактагы мурунку чемпион Йоанна Еджейчик.

Ваканттык курга талапкер Валентина профессионалдык деңгээлде жалпы 18 беттеш өткөрүп, анын ичинде 15 жолу жеңишке жеткен. Ал эми польшалык атаандашы профессионалдык рингге 17 жолу чыгып, 15 ирет жеңүүчү аталган.

Бүгүнкү беттеш 5 раундга созулуп, аягында Валентина Шевченко жеңүүчү болду. Муну менен ал аталган уюмда алгачкы чемпиондук курун тагынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×