Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 10.12.2018 13:25 Жаңыланды: 10.12.2018 14:18

UFC: Валентина Шевченко чемпиондук үчүн канча гонорар алат?

Turmush -  Бириккен мушташ уюмунун (UFC 231) кезектеги турнириндеги каражаттын суммасы тууралуу маалымат таратылды. Кечээ, 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында уюштурулган турнирдеги башкы атаандаштар — кыргызстандык Валентина Шевченко жана жеңил салмактагы мурунку чемпион Йоанна Еджейчик (Польша) болгон. Аягында 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар бир добуштан жеңишти Валентина Шевченкого беришти.

Муну менен ал кыргызстандыктардан UFC уюмундагы эң алгачкы чемпион болуп калды.

Бул беттеш үчүн UFC В.Шевченкого 130 миң доллар гонорар берет. Анын ичинен 100 миң доллар беттешке чыкканы үчүн болсо, 30 миң доллар демөөрчү болгон Reebok спорттук бренди тарабынан берилмекчи. Ушундай эле суммадагы сый акыга Йоанна Еджейчик да ээ болот. Ал эми бул турнирде эң көп сумма болгон 490 миң долларды Макс Холлоуэй алат.

Маалыматтар боюнча, турнирге жалпы 19 миң көрүүчү күбө болгон. Мында сатылган билеттердин баасы 2 млн 400 миң долларга жетти.

Ваканттык курду ээлеген Валентина профессионалдык деңгээлде жалпы 19 беттеш өткөрдү. Анын ичинде кечээки жеңишти кошкондо 15 жолу жеңишке жеткен. Ал эми польшалык атаандашы профессионалдык мелдешке 18 жолу чыгып, 15 ирет жеңүүчү аталган.

Кезектеги жеңишинен кийин Валентина Шевченкону президент Сооронбай Жээнбеков да телефон аркылуу куттуктады.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×