Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 10.12.2018 17:02

Россияда кыргызстандык айдоочунун катышуусундагы кырсыктан 4 адам каза болду

Turmush -  Россиядагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Ал эми унаанын айдоочуларынын бири Кыргызстандын жараны экени айтылып жатканын Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн, 10-декабрда саат 10:00 чамасында Рязань облусунун аймагында «Мицубиси Лансер» үлгүсүндөгү автоунаа менен оор жүк ташуучу «Скания» унаасы кагышкан. Анын кесепетинен окуя болгон жерде 4 адам каза болуп, бирөө жаракат алды. «Мицубиси Лансер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Сокулук районунун 1981-жылы туулган тургуну Р.А. (эркек киши) таксист болуп эмгектенип жүргөн. Кырсык учурунда Россиядан Кыргызстанга жүргүнчүлөрдү алып келе жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×