Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баракелде, Дүйнө 11.12.2018 18:19 На русском

4 адам мерт болду: Россиядагы унаа кырсыктан сокулуктук айдоочу каза болуп, сөөгү Кыргызстанга алынып келинди (фото)

Turmush -  Кечээ, 10-декабрда Россиянын Рязань шаарында унаа кырсыктан каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жиберилди. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Маалым болгондой, окуя 10-декабрда саат 10:00 чамасында Рязань облусунун аймагында болгон. Анда «Мицубиси Лансер» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу «Скания» унаасы кагышкан. Анын кесепетинен окуя болгон жерде 4 адам каза болуп, бирөө жаракат алган. «Мицубисинин» каза болгон айдоочуларынын бири Сокулук районунун 1981-жылы туулган тургуну Р.А. (эркек киши) экендиги такталган. Ал таксист болуп эмгектенип жүргөн.

Маркумдун сөөгү кече түнү Рязандан Москва шаарына алынып келинип, бүгүн 11-декабрь күнү Москва—Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×