Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 15.12.2018 10:02 На русском

Дональд Трамптын тууганы, эже-сиңди... Эң көп акы алган моделдер кимдер? (сүрөт)

Turmush -  Американын каржы-экономикалык Forbes басылмасы 2018-жылдагы эң көп акы алган моделдердин тизмесин жарыялады. 10 адамдан турган тизменин биринчи катарына америкалык модель Кендалл Женнер жазылды.

23 жаштагы модель 12 айда 22,5 млн доллар иштеп тапкан. Ал эми рейтингдин экинчи катарына 13 млн доллар акы алган 26 жаштагы Карли Клосс. Модель ушул жылдын октябрь айында турмушка чыккан. Анын жолдошу Дональд Трамптын күйөө баласынын иниси. Үчүнчү орунду 33 жаштагы Крисси Тайген менен 31 жаштагы Рози Хантингтон-Уайтли бөлүп алышты. Алардын бул жылдагы кирешеси 11,5 млн долларды түздү. Рози Хантингтон-Уайтли 2017-жылы алгачкы жолу эне болгон. 38 жаштагы Жизель Бундхен менен 26 жаштагы Каре Делевинь төртүнчү орунга жазылды. Алар 12 айда 10 млн доллардан табышкан.

Ошондой эле эң көп акы алган моделдердин рейтингинин 5-катарына жылдык кирешеси 9,5 млн долларды түзгөн Жиджи Хадид жазылса, андан кийинки орунга анын 22 жаштагы сиңдиси Белла Хадид (8,5 млн доллар) жазылды. Мындан тышкары рейтингге 30 жаштагы пуэрто-рикалык топ-модель Жоан Смоллс (8,5 млн доллар) жана 33 жаштагы нидерланддык модель Даутцен Крез (8 млн доллар) кирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×