Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 15.12.2018 10:48

Измир шаарында кыргыз диаспорасы түзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Түркиянын Измир шаарындагы кыргыздардын укугун коргоо үчүн кыргыз диаспорасы түзүлдү. Буга чейин аталган шаардагы кыргыз жарандары документ иштерин бүтүрүү үчүн Стамбул шаарына катташчу. Бул тууралуу аталган диаспоранын жетекчиси Анара Дооронбекова билдирди.

Анын айтымында, Түркияга иштөө үчүн келип алданып, көчөдө калган мекендештер кездешет.

«Учурда Түркиянын кайсы гана шаарына барба кыргызстандык жарандарды кезиктирүүгө болот. Айрым маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 20 миңден ашуун кыргыз жараны бар. Мекендештерибиз көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып, бөтөн жерде өз укугун билбей, зомбулуктарга дуушар болуп, акчаларын ала албай, көчөдө калышат. Ошондой көйгөйлүү шаарлардын бири да Измир. Бул шаар Түркияда чоңдугу жана калкынын саны боюнча (5 млн эл жашайт) үчүнчү орунда турат. Кыргыздар Измирге 1990-жылдары эле келе башташкан. Айрыкча соңку 5-6 жылда кыргыз кыз-келиндер, 50-60 жаштагы апалардын келип иштөөсү кескин түрдө көбөйдү. Көпчүлүгү карыган абышка-кемпир, майыптарды жана жаш балдарды карашат же тазалык секторунда иштешет. Туристтик сезондо да мейманканаларга иштегени 3-4 айга студенттер келип кетишет. Маселенин баары Түркияда иш бар экен деп эле тааныштары менен же иш таап беребиз деген алдамчы агенттиктердин кылтагына илинип калышканында. Алардын арасында же иштен же акчадан жок көчөдө калгандары да бар. Мындай көрүнүштөрдү күн алыс жолуктурууга болот. Көпчүлүк түрк тилин үйрөнбөй эле келип, укуктарын билбей, алданып калышат», - деди ал.

Анара Дооронбекова Түркия менен Кыргызстандын ортосунда 90 күндүк визасыз жүрүү келишими бар экенин белгиледи.

« 90 күндөн кийин документ бүтүрөм деп жүрүп мөөнөтүн өткөрүп жиберип, айрымдары документсиз иштеп жүрө беришет. Бир күнү милиция кармап, депортация кылат же убактылуу камап салат. Буга чейин бир нече кыргызды куткарып чыктык. Бирок көп жерден тоскоолдуктарга дуушар болдук. Ошондуктан расмий түрдө коом (диаспора) ачып, жарандарыбызды коргоону туура көрдүк.

"Измир кыргыз коому" 13-декабрда көптөгөн журтташтарыбыздын катышуусу менен расмий түрдө ачылды. Стамбулдагы консул Эркин Сопоковго расмий кат жөнөткөнбүз. Андан сырткары Анкара элчилигине, Стамбул, Анталиядагы кыргыз коомдоруна чакыруу жибергенбиз. Алар келген жок, консул келем деп жаткан, ачылышка 5 мүнөт калганда келе албай калганын билдирди. "Анталия кыргыз айымдар коомунун" жетекчиси Пери Асаналиева келип катышып, белектерин берип, куттуктап кетти.

Учурда кыргыз коомунда көчөдө калган кыргыздар үчүн конок үйү бар. Анда ашкана, бөлмөлөр каралган. Бардык бөлмөлөр улуттук стилде жасалгаланды. Коомго кайрылып келген жумушсуз кыргыздарга интернет аркылуу акысыз иш таап берип жатабыз. Учурда түркчө билбегендер үчүн тил үйрөтүү курсун ачууну пландап жатабыз. Мындан кийин майрамдарды, маданий иш-чараларды бул коомдо өткөрүп турабыз. Ал эми кеңсенин ижара акысын Измирдеги иштеген мекендештер ай сайын 20 лирадан (250 сом) чогултуп төлөйбүз», - деди А.Дооронбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×