Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баракелде, Дүйнө 17.12.2018 09:38

Кипрдеги аскер талаада кыргызстандык өспүрүм каза болду

Turmush -  Кипрдеги Морфу шаарында жайгашкан аскер талаага жакын аймактан өспүрүм баланын денеси табылды. Анын өздүгү такталгандан кийин 13 жаштагы Мустафа Исмаилов экени белгилүү болду, деп маалымдайт «Европа Кипр» басылмасы.

Ага 13-декабрда издөө жарыяланган болчу. Анын түбү Кыргызстандан экени да айтылды. Тергөө иштериндеги алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм бала аскер талаада жарылбай сакталып калган снаряддан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×