Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 17.12.2018 10:23 Жаңыланды: 17.12.2018 18:55

Нарында өскөн кыз «Аалам сулуусу» сынагында: Дүйнөдөгү сулуулар жарышы аяктады (сүрөт)

Turmush -  «Аалам сулуусу» сынагына бул жылы Кыргызстандын өкүлү биринчи жолу катышты. Ага «Кыргызстан сулуусу - 2017» наамын 18 жашында жеңип алган Бегимай Карыбекова жолдомо алган болчу. Бирок калыстар тобу Бегимайды финалга чыгарган жок.

Дүйнөдөгү масштабдуу 4 сулуулук сынактын бири деп эсептелип, 1952-жылдан бери уюштурулуп келген «Аалам сулуусу-2018» сынагынын финалы бүгүн, 16-декабрда Тайланддын Бангкок шаарында өттү. Жалпысынан 94 сулуу ат салышкан сынактын аягында калыстар тобу Филиппин өлкөсүнүн өкүлү Катриона Грэйди жеңүүчү деп аташты. 24 жаштагы Катриона Грэй өз өлкөсүндө модель, теле алып баруучу жана ырчы катары таанымал.

Бегимай Карыбекова «Кыргызстан сулуусу - 2017» сынагын жеңип алгандан кийин Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен болчу. Өзүнүн айтымында, Нарындын Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында төрөлүп, ошол жакта өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×