Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 18.12.2018 13:01

Ташкенттеги кыргыз мектепке Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды (сүрөт)

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында Өзбекстандын Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 кыргыз орто мектебине улуу жазуучу Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу КРдин Жазуучулар союзунан билдиришти.

«Мектептин алдына бюст тургузулуп, мектепке Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Иш-чарага өзбек-кыргыз адабий байланышын бекемдөө максатында Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов жана "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору Кеңешбек Жусупов катышты.

Боордош Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлдү. Тагыраак айтканда, Ташкент шаарындагы эң кооз көчөлөрдүн бирине Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылып, эстелик тургузулду. Эстеликтин расмий ачуу аземине Өзбекстан Республикасынын расмий өкүлдөрү жана КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Секимов катышып сөз сүйлөдү», - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстан Республикасынын президенти Ш.Мирзеевдин жарлыгына ылайык улуу жазуучунун 90 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар мамлекеттин бардык мекемелеринде, мектептерде жана жогорку окуу жайларда өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×