Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 18.12.2018 18:28 На русском

Видео: Кыргызстандан 7 орундуу унаага 26 адам батып, Россияга кетишкен

Turmush -  Россиянын Красноярск крайында патрулдук кызматтын өкүлдөрү 7 орундуу кичи автобусту токтотуп, 26 адам бара жатканын аныктаган. Ошондой эле бул унаада тандыр дагы болгонун Россиянын Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Р-255 Сибирь унаа жолунун 587-чакырымында «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа кечээ, 17-декабрда токтотулган. Андагы адамдар Кыргызстандын жарандары болгон.

Жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташыган айдоочусу кармалып, унаа атайын айып аянтчага токтотулду. Ал эми жүргүнчүлөр бара турган жерине темир жол транспорту аркылуу жөнөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×