Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 24.12.2018 09:11

Москвада Кыргыз күрөш федерациясы түзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Россиянын Москва шаарында Кыргыз күрөш федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу Москвадагы кыргызстандык мигранттардын футбол лигасынын президенти Максат Мамбеткулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кыргыз күрөш боюнча мелдеш уюштурулчу эмес.

«Ушул жылдын 18-декабрында Москва шаарында кыргыз күрөш боюнча спорт секция ачылды. Ага миграция жана башка кызматтардан коноктор келип катышты. Секциянын ачылышына карата балбандар 3 салмак даража боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга ардак грамоталар, жеңүүчүлөргө медалдар тапшырылды. Буга чейин Кыргыз күрөш федерациясын түзгөнбүз. Федерациянын Кыргызстандагы күрөш федерациясына тиешеси жок. Москвада татар, моңгол жана башка улуттун өкүлдөрү тынбай мелдеш уюштуруп келишет. Эми биздин улуттук күрөш боюнча да мелдештер өтүп турмакчы», - деди Мамбеткулов.

Москвадагы Кыргыз күрөш федерациясын 3 адам негиздеген. Учурда федерациянын президенти — Максат Мамбеткулов, ал эми вице-президенттери — Бахалидин Өмүрзаков менен Кылыч Пазылов.

Буга чейин Максат Мамбекткулов Москвада «КG-Лига» футбол лигасын түзгөн эле. Анда кыргызстандыктар команда түзүп, өз ара футбол ойноп турушат. Лиганын курама командасы Италиянын Милан шаарында өтүүчү мелдешке катышары белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×