Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 24.12.2018 10:23 На русском

Санкт-Петербургда 3 адамды плита басып калды. Каза болгондордун бири кыргызстандык куруучу

Turmush -  Санкт-Петербург шаарынын түндүгүндөгү курулушта бетон плита 3 куруучуну басып калды. Окуя 21-декабрда болгонун «Комсомольская правда» жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, бетон плита 8-кабаттан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде 23 жаштагы тажикстандык жумушчу каза болсо, анын 26 жаштагы мекендеши ооруканага жеткирилген. Ал эми кийинки күнү, тактап айтканда 22-декабрда плитанын астынан дагы бир жумушчунун — Кыргызстандын 38 жаштагы жаранынын денеси табылган.

Жумушчулардын бардыгы курулштагы вагондо жашап жатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×