Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 27.12.2018 08:53 На русском

Якутияда кыргыз номурлуу жүк ташуучу унаа ала салып, айдоочусу мерт кетти

Turmush -  Якутиянын Нерюнгринск районунда адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгы катталды.

«Якутия 24» порталы маалымдагандай, 26-декабрда «Лена» федералдык унаа жолунун 374-чакырымында O1590AL кыргыз номурлуу жүк ташуучу унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу окуя болгон жерден каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.

Учурда жол кырсыгы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×