Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 28.12.2018 19:47

Түркияга барган туристтер коопсуздук салыгын төлөп башташат

Turmush -  Түркияга эс алууга барган туристтерден коопсуздук үчүн салык алуу демилгеси 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылып баштайт. Салыктын көлөмү — 1,5 евро.

Бул салык туристтер Түркияга учуп баргандан кийин аэропорттон алына турганын Anadolu расмий маалыматтарга шилтеме берип билдирди. Буга чейин салыктын көлөмүн 3 евро кылуу сунушталган. Бирок мындай тарифке Түркиянын TURSAB туристтик агенттиги 2019-жылы эс алууну пландаган миллиондогон туристтер жолдомолорду сатып алганын билдирип чыккан. Ал эми жолдомо сатып алган туристтердин коопсуздук салымын туристтик компаниялар төлөп калат.

Тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, акырында салыктын көлөмү 1,5 евро деп белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×