Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 04.01.2019 10:11 На русском

77 жаштагы мультимиллионер 32 жаштагы өзбек кызга үйлөндү

Turmush -  Англияда лорд-мусулман 25 жыл бирге жашаган аялы менен ажырашып, өзүнөн 45 жашка кичүү өзбекстандык кызга үйлөндү.

Qalampir.uz басылмасынын маалыматына караганда, 77 жаштагы Мухаммед Илтаф 32 жаштагы Г.Мурадованы 2013-жылы кафеден жолуктурган. Бул учурда Г.Мурадова кафеде официант болуп иштеп турган. Экөөнүн ортосунда мамиле түзүлүп, Мухаммед Илтафдын мурунку аялы Шайду Шихнинин катуу жинин келтирген.

Мурадова Өзбекстанга кайтып келген. Бирок анын аркасынан мультимиллионер да келген. Лорд биринчи аялы менен ажырашып, андан кийин 2018-жылы декабрда Мурадовага баш кошуп, алардын үйлөнүү тою 5 жылдыздуу мейманканада өттү. Алдын ала маалыматтарга караганда, лорд-мусулмандын экинчи аялы анын кызынан 15 жашка кичүү.

Жаңы үйлөнгөн жубайлар Лондондо чет өлкөлүк элчиликтердин иш-чараларына катышууга жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×