Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Дүйнө 07.01.2019 09:42 На русском

Россияда чоң унаа айдаган кыргызстандык адам тракторго урунуп, ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Кечээ, 6-январда Россиянын Ставропольский районундагы унаа кырсыктан кыргызстандык айдоочу жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар кабарлады.

Мааылматка караганда, кырсык саат 12:10 чамасында «М-5 Урал» трассасында болгон. Анда кыргызстандык адам жүк ташуучу «Вольво FH12» унаасын айдап бара жатып, башкарууну жоготуп, кар тазалап иштеген «Беларус-82» трактору менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 айдоочу тең жаракаттарды алып, тез жардам менен Тольятти шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×