Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Баракелде, Дүйнө 11.01.2019 10:08

Азия Кубогу-2019: Бүгүн Кыргызстандын футболчулары 2-беттешке чыгат

Turmush -  Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Футбол боюнча Азиянын Кубогуна арналган беттештердин бүгүн, 11-январдагы тайпалык раундунун 2-турунда 3 матч белгиленген.

Футбол талаасындагы беттештерди жеринде чагылдырып жаткан «Sport АКИpress» басылмасынын өкүлү Бакыт Шүкүралиевдин маалыматы боюнча, бүгүнкү оюнду Дубай шаарында Палестина менен Австралиянын курама командалары башташат. Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да Абу-Даби шаарында Кытай жана Филиппин курама командалары оюн талаасына чыгышат.

Бишкек убактысы бонча саат 22:00дө Аль-Айн шаарындагы стадиондо Кыргызстандын футболчулары Азия Кубогундагы экинчи беттешти Кореянын командасына каршы баштайт. Ал эми оюнду ФИФАнын Хаммис Мухаммед Аль-Марри жетектеген реферлери (Катар) тейлейт.

Кыргызстандыктар биринчи беттешинде Кытайдын курама командасына жеңишти алдырган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×