Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 21.02.2019 10:25

Министр К.Жунушалиев Стамбулдагы Будапешт процессинин министрлер конференциясына катышып жатат (сүрөт)

Turmush -  Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан Будапешт процессинин алтынчы министрлер конференциясына катышып жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Европа, Азия жана Африка континенттериндеги 49 мамлекеттен келген министрликтердин жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Будапешт процесси — миграцияны иретке келтирүү үчүн комплекстүү иш-аракеттерди өнүктүрүүгө багытталган, 49 мамлекеттин өкмөт мүчөлөрү жана ондогон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан форум болуп саналат. Ал миграция, виза, адамдарды сатуу, миграциялык аткезчилик жана качкындарды кабыл алуу маселелери боюнча эффективдүү иш-аракеттер менен тажрыйбаларды үлгү катары жайылтуу үчүн түзүлгөн.

Конференциянын ачылышында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сөз сүйлөп, миграциялык процесстерди жөнгө салууда чечкиндүү чараларды көрүш керектигин айтып, мыйзамсыз миграция менен эл аралык терроризмдин ортосундагы тыгыз байланышты баса белгиледи. Ошондой эле Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу миграция көйгөйү өзүнө эл аралык терроризм, экстремизм, уюшкан кылмыштуулук, адамдарды сатуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу улуттар аралык кылмыштуулукту камтып жаткандыгын билдирди.

«Террористтик уюмдар өздөрүнүн адамдарын мигрант катары башка өлкөгө киргизип, жаман ойлорун ишке ашырууга аракеттерди көрүүдө. Биз андай учурларды алдын алууга тийишпиз», - деди ал.

Иш-чара 19-февралда башталган. Бүгүн, 21-февралда жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×