Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баракелде, Дүйнө 22.02.2019 09:26 На русском

Кыргызстандык аял Түркиядагы оор кылмышка шектелип жатат

Turmush -  Түркия өлкөсүнүн Анталия шаарында адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып жаткан кыргызстандык аялдын иши боюнча сот отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Haberler түрк маалыматтык порталы билдирди.

Маалыматтар боюнча, 39 жаштагы кыргызстандык В.Э. (аял киши) менен 74 жаштагы М.Ч. (эркек киши) биригип, У.Ч. (эркек киши) аттуу кишини бычактап өлтүргөндүгү үчүн айыпталып жатат. Окуя 2018-жылдын июнь айында маркум менен В.Э. жашаган үйдө болгон. Соттук отурумдун жүрүшүндө соттолуучулар жасалган кылмыш боюнча бири-бирин күнөөлөшкөн.

М.Ч. жанындагы аял (В.Э.) маркумга кызганычтан улам бычак сайганын айткан. Ал эми В.Э. маркум төшөккө заара кылганы үчүн В.Э. аны өлтүргөндүгүн айтып берген.

Кылмыш болгон күнү айыпталуучулар менен маркум бир үйдө болушкан. Алар жакын дос катары катышып жүрүшкөн. В.Э. Түркияга мындан 12 жыл мурун барып жашап калган, эч жерде иштеген эмес. Маркум менен никеге туруп, бир үйдө жашап жатышкан.

Сот отуруму кийинкиге жылдырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×