Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баракелде, Дүйнө 22.02.2019 10:03 На русском

Видео — Президент Нурсултан Назарбаевдин катуу чечими. Биринчи жолу өкмөттү отставкага кетирди

Казак президенти Нурсултан Назарбаев
Казак президенти Нурсултан Назарбаев

Turmush -  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 21-февраль күнү Казакстандын өкмөтүн отставкага кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Ак ордонун расмий сайтында жарыяланды.

Учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Аскар Амин дайындалганы белгилүү болду. Ал буга чейин премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан. Ал эми отставкага кеткен өкмөттү Бахытжан Сагинтаев 2016-жылдын 9-сентябрынан бери жетектеп келген.

Казакстандык саясат таануучу Талгат Калиевдин айтымында, өкмөттүн отставкага кетери жакында эле Н.Назарбаевдин катышуусу менен өткөн кеңейтилген жыйында белгилүү болуп калган. Анда мамлекет башчысы өкмөттүн ишин катуу сынга алып, «отставкага кеткиле!» деп ачык эле айткан.

«Жаңы өкмөттүн алдына коюлган тапшырмаларды жана алдыда «Нур Отан» партиясынын кезектеги съездин эске алганда, мурунку премьер-министрди отставкага кетирип, жаңы премьер-министрди дайындоо тартиби 27-февралга чейин созулушу мүмкүн», - деди Талгат Калиев.

Президент премьер-министрдин отставкага кетүү тууралуу арызын кабыл албай, милдетин аткара албай калгандыгы үчүн өзү жумуштан кетирип жатканы эгемендүү Казакстандын тарыхында алгачкы жолу болуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×