Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Баракелде, Дүйнө 24.02.2019 13:35 На русском

Индияда 300 автоунаа өрттөндү

Turmush -  Бүгүн, 24-февралда Индиянын Бангалор шаарында авиасалон учурунда (авиация техникаларынын жаңы үлгүлөрүнүн эл аралык көргөзмөсү) 300 автоунаа өрттөнүп кетти. Унаалар коомдук унаа токтоочу жайда турган.

Шаардын өрт боюнча күзөт кызматынын маалыматы боюнча, кургак чөп жана катуу шамалдан өрт тез жайылып кеткен. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, адамдар жабыркаган жок.

Авиасалонду уюштурган Индиянын Коргоо министрлиги окуянын чоо-жайын аныктоо тапшырмасын тиешелүү адамдарга берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×