Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Дүйнө 24.02.2019 18:58

UFC: Антонина Шевченконун 2-беттеши расмий жарыяланды

Turmush -  Антонина Шевченконун UFC алкагындагы экинчи беттешинин орду жана убактысы расмий түрдө жарыяланды. Уюмдун расмий сайтындагы маалымат боюнча, Санкт-Петербург (Россия) шаарында боло турчу UFC on ESPN+ 7 турниринде «Пантера» 20-апрелде октагонго чыгат.

А.Шевченконун атаандашы 36 жаштагы америкалык Модаффери Роксанна болот. Учурда бул мелдештин төрт катышуучусу белгилүү болду.

Антонина Шевченконун UFC уюмундагы дебюту 2018-жылдын декарь айында Түштүк Кореянын өкүлү Жи Йон Ким менен өтүп, жеңишке жетишкен болчу. Ал эми Модаффери мурун кыз-келиндер арасында эң жеңил салмактагы чемпион титулуна талапкер болуп, Никко Монтаного утулуп калган. 2018-жылдын ноябрь айында Сиджаре Юбэнкске утулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×